Чүй облусунда жер тилкелерин мыйзамсыз саткандар кармалды

Чүй облусунун Сокулук районунда жер тилкелерин мыйзамсыз сатып, жарандарды алдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милиция тарабынан билдирди.
Маалымат боюнча, укук коргоо органдарына жер сатып алып, алданып калган бир нече жаран кайрылган. Алардын айтымында, Ж.А. аттуу аял 2022-жылы Военно-Антоновка айылындагы (азыркы Кожомкул айылы) 295-контурдан ар бири 4 сотых болгон 4 жер тилкесин 10 миң доллардан сатып, жалпы 40 миң доллар алган.
Мындан тышкары, шектүү коммуналдык кызматтарга туташтыруу, “кызыл китеп” чыгарып берүү деген шылтоо менен 440 миң сом кошумча акча алган. Бирок кийинчерээк аталган жер тилкелери башка адамдардын менчиги экени аныкталган. Натыйжада жабырлануучулар жер да, акча да ала албай жатышканы айтылды.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча кылмыш иши козголду. Тергөөнүн жүрүшүндө 1977-жылы туулган Ж.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Милиция бул иш боюнча кошумча арыздар түшүп жатканын жана тергөө иштери улантылып жатканын кошумчалады.



