Коом
Чүй облусунда адам өлтүрүүгө шектелген киши кармалды

Сокулукта адам өлтүрүүгө шектелин киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-сентябрда Сокулук райондук милициясына Совхоз-Фрунзе айылындагы үйлөрдүн биринен 71 жаштагы адамдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Кароо учурунда анын денесинен зомбулуктун белгилери аныкталган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө каза тапкан жаран үйүндө айылдашы менен спирт ичимдигин ичип отурганда чыр чыкканы, 72 жаштагы Н.Э. аттуу адам айылдашынын денесине залал келтирип, кылмыш болгон жерден качып кеткени такталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүнү кармалган.
Бүгүнкү күндө тергөө иши соттук кароого жөнөтүлдү.



