Коом
«Дордой» базарында рейд өтүп, мыйзамсыз соода кылгандарга айып пул салынды

Өткөн жумунын 10-октябрда Бишкектеги «Дордой» базарында рейддик иш-чара болуп өттү, мыйзамсыз соода кылгындарга айып салынды.
Бул тууралуу Свердлов райондук администрациясынан билдирди.
Маалымат боюнча, рейд Кожовенная жана Ибраимов көчөлөрүндө жүргүзүлдү.
Анын максаты — мыйзамсыз соода фактыларын аныктоо, көрктөндүрүү эрежелеринин сакталышын жана өрт коопсуздугунун талаптарын текшерүү болду.
Текшерүүнүн натыйжасында «Шахи Ойл» ЖЧКга, «Мурас Спорт» ЖЧКга жана «Сервис» СТФне карата мыйзамсыз соода орундары үчүн 5 административдик протокол түзүлүп, жалпы 73 миң сом айып салынды. Кайгуул кызматкерлери Кожовенная көчөсүндө жол эрежесин бузгандарга 14 миң сомдук 14 протокол түзүштү. Мындан тышкары 20дан ашык унаа айып короосуна жеткирилди.



