Коом

Чүй облусунда мыйзамсыз аңчылык кылгандар кармалды

2025-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын биоресурстарды көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспекторлору Чүй облусунун аймагында рейддик иш-чараларды өткөрүштү.


Рейд учурунда мыйзамсыз аңчылык менен алектенген бир нече жаран кармалган. Аларга карата Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 263-беренеси (аң уулоо эрежелерин бузуу) боюнча 9 протокол түзүлүп, ар бирине 12 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Жалпы айып пулдун суммасы 112 500 сомду түздү, мындан тышкары 6 000 сомдук доо коюлду.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөштү улантып, өлкөнүн аймактарында экологиялык тең салмактуулукту сактоо багытындагы иштерди күчөтүп жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button