Израиль армиясы ок атышпоо келишимине карабастан Газага кол салууларын улантууда

Израил армиясы ок атышууну токтотуу келишими күчүнө киргенине карабастан, Газа тилкесинде үйлөрүнө кайтып бара жаткан палестиналыктарга ок атты. Бул тууралуу Палестинанын расмий WAFA маалымат агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Израил аскерлери эш-Шужаийя районунда өз үйлөрүн текшерүүгө келген палестиналыктарга дрон аркылуу ок чыгарып, үч адамды өлтүргөн. Мындан тышкары, буга чейинки чабуулдарда жаракат алган дагы эки адам каза болгону маалым болду.
Белгилүү болгондой, ок атышууну токтотуу жана туткундарды алмашуу боюнча келишим АКШ президенти Дональд Трамптын катышуусунда 9-октябрда Египетте өткөн сүйлөшүүлөрдө Израил менен ХАМАС тарабынан макулдашылган.
Египетте жетишилген келишим Израил өкмөтү тарабынан жактырылып, 10-октябрда расмий түрдө күчүнө кирген.



