Спорт

Кыргызстандык балбан Билол Шарип уулу Дүйнө чемпионунда коло медалына ээ болду

Сербиянын Нови-Сад шаарында өткөн жаштар арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда Билол Шарип уулу коло медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Билол 65 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашкан. Ал АКШ, Грузия жана Казакстандын балбандарын утуп, жарым финалга чейин жетти.

Финалга чыгуу үчүн болгон таймашта кыргызстандык балбан Өзбекстандык балбанга утулуп калды. Ал эми үчүнчү орун үчүн болгон беттеште Азербайжандын балбанын 1 мүнөт 57 секунддун ичинде 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңген.

Жыйынтыгында Билол Шарип уулу 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынды.

Тектеш кабарлар

Back to top button