Төө-Ашууда кар жаап, унааларга убактылуу чектөөлөр киргизилди

Өлкөдө аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлиги маалымдады.
Министрликтин билдирүүсүндө, “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштары жүргүзүлүп жатканы айтылат.
Бүгүн, 4-ноябрь саат 09:00гө карата төмөнкү жолдордо оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөөлөр сакталууда:
Бишкек–Ош жолу, Төө-Ашуу ашуусу — (чектөө 4-ноябрь саат 07:00дөн тарта);
Бишкек–Ош жолу, Ала-Бел ашуусу — (чектөө 4-ноябрь саат 05:10дон тарта);
Суусамыр–Талас–Тараз жолу, Өтмөк ашуусу — (чектөө 4-ноябрь саат 07:00дөн тарта).
Министрлик айдоочуларды:
-каршы тилкеге чыкпоого,
-жол эрежелерин так сактоого,
-унаа дөңгөлөктөрүн кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырууга чакырат.



