Коом

КР ички иштер министри Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси менен жолугушту — ВИДЕО

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

2025-жылдын 3-ноябрында Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпин айым менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Айрыкча трансулуттук кылмыштуулукка, киберкылмыштарга, терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы күрөшүү боюнча өз ара аракеттенүү маселелерине көңүл бурулду.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков эки өлкөнүн укук коргоо органдары ортосундагы өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, төмөнкүлөрдү айтты:

«Кыргызстан менен Кытайдын кызматташтыгынын маанилүүлүгүн баса белгилеп, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин чек ара аймактарындагы түзүмдөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун белгилеп кетким келет.

Өз ара кызматташтык эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда ишке ашырылып, кеңири багыттарды камтыйт — кесиптик тажрыйба алмашуу, биргелешкен окуу-машыгуу иш-чараларын уюштуруу, ошондой эле транс улуттук кылмыштуулукка, экстремизмге жана мыйзамсыз баңги жүгүртүүгө каршы күрөштөгү аракеттерди координациялоо.

Ошондой эле, Кыргызстандын 2025-2026-жылдардагы ШКУдагы төрагалыгы өзгөчө жоопкерчиликтүү мезгил болуп саналат. Бул мезгил коопсуздук, экономика жана гуманитардык тармактардагы аймактык кызматташтыкты тереңдетүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат», — деди Улан Ниязбеков.

Өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпин айым кыргыз тарапка ар тараптуу колдоо көрсөтүп, КЭР Элчилигинин кызматкерлерине региондорго болгон иш сапарларында түзүлгөн шарттар үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Элчи айым ички иштер министри Улан Ниязбековду жана милиция кызматкерлерин Кыргыз милициясынын күнү менен куттуктап, кызматтык ишинде ийгиликтерди жана эки тараптуу кызматташтыктын мындан ары да бекемделишин каалады.

Тектеш кабарлар

Back to top button