Коом

УКМК: Бишкектеги төрт райондук администрациясында шайлоо мыйзамдарын сактоо жана күз-кышка даярдык көрүү боюнча жыйындар өттү

Бишкек шаарынын төрт райондук администрациясында борбор калаанын активдеринин катышуусунда шайлоо мыйзамдарын сактоо жана күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча жыйындар өттү.

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

КР УКМК тарабынан шайлоо мыйзамдарын бузуунун, административдик ресурстарды колдонуунун жана мамлекеттик кызматкерлердин шайлоо процесстерине кийлигишүүнүн алдын алуу максатында, 2025-жылдын 24, 28 жана 30-октябрында Бишкек шаарынын Ленин, Октябрь, Биринчи май жана Свердлов райондорунун административдик имараттарында борбор калаанын активдеринин катышуусунда алдыдагы парламенттик шайлоого жана күзгү-кышкы жылытуу сезонуна даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындар өткөрүлдү.

Жыйындын катышуучуларына  Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын негизги жоболору боюнча маалымат берилип, шайлоо процессин бузуу, анын ичинде шайлоочуларды сатып алуу жана үгүт иштерине кийлигишүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө маалымат берилди. Саясий нейтралитетти сактоонун жана мамлекеттик кызматкерлердин ар кандай мыйзамсыз аракеттери жөнүндө компетенттүү органдарга тез арада билдирүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Мындан тышкары, шаардын жетекчилери менен коммуналдык кызматтардын күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча маселелер талкууланды.

Тектеш кабарлар

Back to top button