Чүйдө мектеп окуучуларынан акча талап кылган шектүү кармалды

Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылындагы мектеп окуучуларынан опузалап акча талап кылуу фактысы менен шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.
Маалымат боюнча, 24-октябрда Instagram социалдык тармагында белгисиз колдонуучулар тарабынан Кызыл-Туу айылынын бир мектебинде кооптуу кырдаал жаралгандыгы тууралуу билдирүү жарыяланган.
Постто окуучулар арасында акча талап кылуу жана коркутуу учурлары системалуу түрдө болуп келери айтылган.
Текшерүү учурунда аныкталгандай, айрым улуураак класстардын окуучулары кичүү класстардын окуучуларынан акча талап кылып, баш тарткан учурда физикалык жана психологиялык басым көрсөтүп келишкен.
Бул маалымат каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. Сокулук РИИБге Кызыл-Туу айылынын үч тургуну жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган. Арыздар мыйзам чегинде каттоого алынган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (“Опузалап талап кылуу”) боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары мурда ошол мектепте окуган, учурда жогорку окуу жайдын студенти болгон 17 жаштагы Б.А. аныкталып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Учурда бул окуяга тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.



