Президент Садыр Жапаровду Египетке коштоп кеткен делегациянын курамы

Бүгүн, 4-ноябрда президент Садыр Жапаров Египет Араб Республикасына расмий сапар менен президент Абдель Фаттах Ас-Сисинин чакыруусу боюнча учуп кетти.
Сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр, эки тараптуу документтерге кол коюу, ошондой эле соода-экономика, инвестиция, билим берүү жана маданият тармактарындагы кызматташтыкты талкуулоо пландалууда.
Кыргызстандын расмий делегациясынын курамы:
Садыр Жапаров — Кыргыз Республикасынын президенти;
Жээнбек Кулубаев — тышкы иштер министри;
Сагынбек Абдумуталип — президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
Улукбек Марипов — Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгында жана Египет Араб Республикасындагы элчиси;
Мелис Тургунбаев — Улуттук банктын төрагасы;
Бактияр Орозов — илим, жогорку билим жана инновациялар министри;
Медер Машиев — жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;
Азамат Жамангулов — санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри;
Бакыт Сыдыков — экономика жана коммерция министри;
Азамат Юсупов — президентке караштуу дин жана улуттар аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин директору.



