Эмилбек Ысманов: Кыргызстанда электр энергиясы пландуу өчүрүлгөн жок

Өлкөдө электр энергиясы пландуу өчүрүлгөн жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине энергетика министринин биринчи орун басары Эмилбек Ысманов билдирди.
Анын айтымында, айрым райондордо электр энергиясын өчүрүү чыңалуу учурунда, авариялык жагдайларда же көмөк чордон ашыкча иштеген учурда гана болот.
Ошондой эле Эмилбек Ысманов жарандарды электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырды.
“Биз кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Себеби, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз. Ошондой эле кышта көмөк чордондордогу жана электр чубалгыларындагы авариялык кырдаалдарды алдын алуу зарыл. Анткени кышында жайкы мезгилге салыштырмалуу электр энергиясын керектөө эки-үч эсе көбөйүп кетет”, — деди ал.



