Коом

УКМК: Чүй облусунун Москва районундагы «Кыргызмунайзаттын» Беловодск мунай базасы мамлекеттин балансына кайтарылды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди аныктоо жана мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча көрүлгөн чаралардын алкагында «Кыргызмунайзаттын» Беловодск мунай базасы мамлекеттик баланска кайтарылды.

2004-жылы Москва районунун Петровка айылында жайгашкан, имараттары жана курулмалары (сыйымдуулугу 36 миң. 200 тонна мунай продуктулары үчүн резервуарлар) бар, 7,7 гектар аянтты ээлеген мунай базасынын аймагы, мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын ич ара сүйлөшүүсүнүн натыйжасында баасы төмөндөтүлүп, тиешелүү тендердик жол-жоболорду жүргүзбөстөн мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүлүп берилгени аныкталган.

Ошентип, менчик ээлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө жана оперативдик иш-чаралардын алкагында аталган мунай иштетүүчү завод мамлекеттик баланска кайтарылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button