Башкы прокуратура: Парламенттик шайлоодо мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча чараларды талкуулады

КР Аскер прокурору Жыргал Исмаиловдун төрагалыгы астында Координациялык кеңештин жыйыны өттү. Ага КРнын Куралдуу күчтөрүнүн, аскердик түзүлүштөрдүн жана аскердик кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жыйындын катышуучулары 2025-жылдагы коррупцияга каршы күрөшүү иш-аракеттеринин жыйынтыктарын чыгарып, аныкталган мыйзам бузууларды талкуулашты.
Жыргал Исмаилов 2024-жылдын 5-июнундагы №137 Президенттин Жарлыгы менен бекитилген 2025–2030-жылдарга карата КРда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегияда белгиленген чараларды сапаттуу жана өз убагында ишке ашырууну камсыз кылууну тапшырды.
Аскер кызматкерлеринин арасында укук бузуулардын, дедовщиналардын жана суициддердин алдын алууга өзгөчө көңүл бурулду. Аскер прокурору бул багыттагы аракеттерди күчөтүү жана жеке курамдын моралдык жана психологиялык абалын көзөмөлдөөнү күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Мындан тышкары, катышуучулар мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча чараларды талкуулашты.



