
Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү. Анын алкагында Казакстандын тышкы иштер министри Ермек Кошербаев Кыргыз Республикасынын Казакстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеевге II даражалуу «Достук» орденин тапшырды. Азем Казакстанда 25-октябрда белгиленүүчү Республика күнүнө арналган.
Жогорку мамлекеттик сыйлык Казакстан президентинин жарлыгы менен эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди бекемдөөдө Д.Дюшекеевдин салымын тааныгандыгы үчүн ыйгарылды.
Салтанат учурунда Ермек Кошербаев элчинин эки боордош элдин ортосундагы саясий диалогду жандандырууда, соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүдө жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөөгө кошкон активдүү ролун белгиледи.
Эске салсак, «Достук» ордени — мамлекеттер ортосундагы тынчтыкты, достукту жана кызматташтыкты чыңдоого мыкты салым кошкон жарандарга ыйгарыла турган Казакстандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыктарынын бири.



