Коом

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы «Нур Умра» менен түзгөн келишимин токтотту

Мусулмандарынын дин башкармалыгы кыргыз жарандары үчүн умра ажылыгын уюштурган «Нур Умра» менен түзгөн келишимин расмий түрдө токтотконун жарыялады. Муфтияттын маалыматы боюнча, бул чечим «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзамга, КР президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин 2025-жылдын 30-июлундагы буйругуна жана Уламалар кеңеши тарабынан бекитилген КМДБнын уставына ылайык кабыл алынган.

«КМДБ ачык-айкындуулукту жана бардык эрежелерди сактоону камсыз кылуу үчүн умра ажылыгын уюштурууну каалаган туристтик компанияларды аккредитациялап жатат», — деп белгиледи Дин башкармалыгы.

Муфтият коомчулукка 2025-жылдын 1-октябрында Өзбекстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен «Нур Умра» ЖЧКнын ортосунда түзүлгөн №29 келишимдин токтотулгандыгы тууралуу расмий түрдө билдирди.

Тектеш кабарлар

Back to top button