Коом

БШК: Шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузган жаранга айып пул салынды

Борбордук шайлоо комиссиясы 4-ноябрда Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнөн келген Жетимишов Батырбек Камиловичтин шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы тууралуу материалды карады.

Үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ 3-ноябрда Б.Жетимишовго Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренеси боюнча 7500 сом өлчөмүндөгү айып пул салууну сунуштаган.  БШК Жетимишовго протокол түзүп, айып пул салуу милдетин БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жүктөдү. 

Тектеш кабарлар

Back to top button