Айдоочулук күбөлүктөр 2026-жылдан тарта мөөнөтсүз жаңысына алмаштырылат

КР Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев бүгүн, 5-октябрда, түз эфирде мөөнөтсүз алынган айдоочулук күбөлүктөр боюнча толук маалымат берди.
Анын айтымына караганда, 2026-жылдын январь айынан тарта эски үлгүдөгү бардык мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр жаңы форматтагы күбөлүктөргө алмаштырылат. Жаңы күбөлүктөрдүн колдонуу мөөнөтү 10 жыл болот.
Ал эми учурда берилген 10 жылдык эл аралык айдоочулук күбөлүктөр өз мөөнөтү бүткөндөн кийин гана жаңыланат.
“Биздин эски мөөнөтсүз күбөлүктөр коңшу мамлекеттерде таанылбайт. Ошондуктан аларды алмаштыруу зарыл. Бул процесс акысыз жүргүзүлөт жана экзамен тапшыруу талап кылынбайт. 2026-жылдын январынан баштап каалаган жаран келип, күбөлүгүн жаңырта алат. Учурда колдонулуп жаткан 10 жылдык күбөлүктөр иштей берет”, — деди Туманбаев.
Ал ошондой эле бул чаралар жолдогу кырсыктардын алдын алуу максатын көздөрүн белгиледи.



