Коом

УКМК: Талас облусунда бир катар мамлекеттик кызматкерлер кармалды

КР УКМК тарбынан Талас облусунда жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө КР Министрлер Кабинетинин алдындагы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин кызмат адамдары тарабынан атайылап пайдасыз келишим түзгөндүгү боюнча факты аныкталды. Бул тууралуу басма сөз катчысы билдирди.

Маалымат боюнча, 2026-жылдын жайында Талас облусунда «Мен чемпионмун» спорттук оюндарын өткөрүү үчүн Талас облусунун дене тарбия жана спорт башкармалыгына 17 миллион 500 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн.

Бирок, жогоруда айтылган сумманын негизги бөлүгү 12 миллион сом  КР Министрлер Кабинетинин алдындагы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин  жооптуу кызматкерлери тарабынан кийинчерээк облустук дене тарбия жана спорт департаменти үчүн административдик имарат катары колдонуу үчүн турак жай имаратын сатып алууга жумшалган.

Мындан тышкары, жогоруда аталган турак жай имаратын баалоо КР Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Н.Н.Э.нин жардамы менен атайылап 12 миллион 343 миң сомго ашыкча бааланып жүргүзүлгөн.

Көз карандысыз баалоо боюнча, аталган турак жай имаратынын орточо базар баасы 7 миллион сомду түзөт.

Натыйжада, мамлекеттин кызыкчылыгына 4 миллион сомдон ашык өзгөчө ири зыян келтирилген.

Буга байланыштуу КР Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Н.Н.Э., КР Министрлер кабинетинин алдындагы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин бөлүм башчысы Б.З.Б. жана Талас облусунун губернаторунун мурдагы орун басары Б.Н.А. кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда кылмыш ишинин алкагында башка катышуучуларды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button