Коом

Биткоиндин баасы төмөндөдүбү?

Биткоиндин баасы 100 миң доллардан төмөндөдү. Бул тууралуу соода маалыматтарында айтылат.

Минималдуу чекке жеткен учурда активдин баасы 99,01 миң долларга чейин түшүп, материал даярдалып жаткан учурга карата 101,76 миң долларга чейин кайра көтөрүлгөн. Бул — соода күнүнүн башындагы көрсөткүчтөн 4,69 пайызга төмөн дегенди билдирет.

Апрель айында, АКШ президенти Дональд Трамп дээрлик бардык өлкөлөрдөн импортко бажы төлөмдөрүн киргизгенден кийин, январда инаугурациясынын алдында 109 миң долларга чейин жеткен биткоиндин баасы 75 миң доллардан да төмөн түшкөн. Бирок андан соң рыноктогу белгисиздик шартында инвесторлор коопсуз актив издөө максатында кайра криптовалютага кайтышкандыктан, биткоиндин баасы кайра өсө баштаган.

Май айында ал кайрадан 109 миң долларга жетсе, октябрдын башында тарыхый эң жогорку чекке — 126 миң доллардан жогору деңгээлге чыккан.

The Block басылмасы Deutsche Bank аналитиктерине шилтеме берип жазгандай, биткоин жалпы жүрүшү боюнча алтындын тарыхый жолун кайталоодо. Алардын божомолуна караганда, туруксуздук (волатилдүүлүк) азайгандан кийин, 2030-жылга чейин биткоин дүйнөлүк борбордук банктардын резервдик активдеринин катарына кириши мүмкүн.

Тектеш кабарлар

Back to top button