Коом

Бишкекте Ак-Ордо конушунда ири өлчөмдө акча уурдоого шектелген жаран кармалды

Бишкек шаарында уурулук кылууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмыш 28-октябрда саат 11 чамасында Бишкектеги Ак-Ордо конушунда болгон. Белгисиз адам жергиликтүү тургундун үйүнө кирип, 110 миң сом акча каражатын уурдап кеткен.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан 1981-жылы туулган А.Т. аттуу шектүү кармалган. Ленин райондук сотунун чечими менен ал электрондук билерик тагуу шарты менен бошотулган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button