Жол тескөөчүлөр күчөтүлгөн тартипте кызмат алып барышууда

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу айдоочулар үчүн жолдо жүрүүгө ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү, жол тыгындарынын жана жол кырсыктарынын алдын алуу максатында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери бүгүнкү күндө күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.
ЖКККББнын кызматкерлери республика боюнча жолдордо кызмат өтөп, унаа агымын жөнгө салып, айдоочулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле унаалардын техникалык абалын текшерип, жол коопсуздугун камсыздоого багытталган чараларды көрүшүүдө.
Айрыкча Бишкек–Нарын–Торугарт жана Бишкек–Ош багытындагы унаа жолдорунда, тоолуу ашууларда башка тиешелүү кызматтар менен биргеликте күнү-түнү күзөттө туруп иш алып барылууда.
ЖКККББгы бардык айдоочуларды аба ырайынын өзгөрүшүн эске алып, жол эрежелерин так сактоого, ылдамдыкты чектөөгө жана унааңыздын техникалык абалына көңүл бурууга чакырат.



