Коом
6-ноябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет кызматынын маалыматына караганда, эртең, 6-ноябрда, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаайт.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5–9 метрге жетет.
Абанын температурасы төмөнкүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө: 0… +5°
Таласта: 0… +5°
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында: +5… +10°
Ысык-Көлдө: +1… +6°
Нарында: 0… +5°
Бишкек шаарында жамгыр жаашы күтүлөт. Абанын температурасы +2… +4° чегинде болот.



