Коом
Алматы – Каракол аба каттамы 5-декабрдан тарта ишке кирет

Asman Airlines авиакомпаниясы Алматы – Каракол аба каттамын 5-декабрдан тарта ишке киргизет. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКдан билдиришти.
Маалымат боюнча, каттамдар жума жана жекшемби күндөрү аткарылат.
Билеттерди авиакомпаниянын расмий сайты — asmanairlines.kg аркылуу же Asman Airlines мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алууга болот.
Бул жаңы багыт туристтерге жана аймактар аралык байланышты жакшыртууга өбөлгө түзөт.



