Коом
Ырчы Бек Борбиев кызын турмушка узатып жатканын билдирди

Кыргыз Эл артисти, ырчы Бек Борбиев кызын турмуш жолуна узатып жатканын социалдык тармактагыбаракчасынан билдирди.
«Айдеми кызыбызды Фарида экөөбүз турмушка узатуудабыз. Албетте бактыбыз койнубузга батпай турат. Бирок мен өзүм жөнүндө айтсам, жүрөгүмдүн бир кылын үзүп кеткендей эле болду. Бактылуу бол, кызым, мен сени катуу жакшы көрөм. Сен менин эркемсиң, көкүрөк күчүгүм«,-деп жазды Бек Борбиев.



