Дүйнө

Иракта парламенттик шайлоо башталды

Бүгүн Иракта парламенттик шайлоо – Маджлис ан-Нувваб аль-Иракий (Ирактын өкүлдөр кеңеши) болот. Бул тууралуу Интерфакс маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматта билдиргендей, шайлоого — учурдагы премьер-министр Мухаммед Шиа ас-Судани жетектеген “Калыбына келтирүү жана өнүгүү” коалициясы, мурдагы премьер-министр Нури аль-Маликинин (2006–2014-жж.) жетекчилигиндеги “Мыйзамдуу мамлекет” партиялык блогу жана сунниттик “Прогресс” партиясы катышууда. Аны мурдагы парламент спикери Мухаммед аль-Халбуси (2018–2023-жж.) жетектейт.

Эрте добуш берүү 9-ноябрда башталган. Араб басылмаларынын маалыматына караганда, ага 1,3 млн адам – коопсуздук кызматкерлери жана ички качкындар катышкан.

Жалпысынан шайлоодо 7 768 талапкер атаандашат. Алар 329 депутаттык орун үчүн күрөшөт. Иракта 21 миллионго жакын жарандын добуш берүү укугу бар.

Алдын ала сурамжылоолор боюнча, азыркы бийликтеги коалиция болжол менен 50 мандатка ээ болушу мүмкүн. Экинчи орунда – “Мыйзамдуу мамлекет” партиясы турат.

Белгилей кетсек, Иракта парламенттик шайлоо 2005-жылдан бери өткөрүлүп келет. Алгачкы шайлоо Саддам Хусейн кулатылгандан кийин өткөн. Акыркы шайлоо 2021-жылы болгон жана анын жыйынтыгынан кийин өлкөдө нааразылык акциялары башталган.

Тектеш кабарлар

Back to top button