УКМК: «Хизбут-Тахрир аль-Ислами»диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды — ВИДЕО

КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин 5-бөлүгү (Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруу учурунда, Баткен облусунда «Хизбут-Тахрир аль-Ислами» ДЭУнун мүчөлөрү кармалды, алардын айрымдары мурда экстремисттик ишмердүүлүк үчүн сот жообуна тартылган.


Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, төмөнкү КР жарандары: 1980-жылы туулган Б.Р.К., 1990-жылы туулган Ж.И.И., 1978-жылы туулган И.М.А., 1980-жылы туулган Д.У.Х., 1986-жылы туулган Б.Ж.Ж., 1989-жылы туулган М.Т.Б., 1991-жылы туулган М.О.А., 1978-жылы туулган М.Н.М.,1989-жылы туулган М.Т.К., 1991-жылы туулган А.у.А. жана Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын башка тургундары тыюу салынган экстремисттик адабияттарды изилдеп, «Хизбут-Тахрир аль-Ислами» диний уюмунун жабылган Telegram каналдарына катталып, Кыргыз Республикасынын аймагында халифат түзүү маселесин талкуулап, «Хизбут-Тахрир аль-Ислами» ДЭУнун идеологиясын өнүктүрүүнү улантышкандыгы аныкталган.



Объекттердин жашаган жери боюнча санкцияланган тинтүү иш — чараларынын жүрүшүндө «Хизбут-Тахрир аль-Ислами» ДЭУнун тыюу салынган адабияты, ошондой эле көптөгөн диний адабияттар,электрондук алып жүрүүчүлөр, ноутбуктар, флеш-карталар, уюлдук телефондор жана дисктер табылган.


КР УКМК тарабынан тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.



