Коом

Борбор калаада эми унаа токтотмолордо төлөмдөрдү QR-код аркылуу төлөсө болот

Бишкектеги унаа токтотуучу жайларда төлөм жүргүзүүнүн заманбап, накталай эмес ыкмасы киргизилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эми унаа токтотмолордо төлөмдөрдү QR-код аркылуу жүргүзүүгө болот.

Бул инновациялык кадам менен унаа токтотуучу жайлардагы кызматкерлерге накталай акча берүү токтотулат. Төлөнгөн каражаттар түздөн-түз жергиликтүү бюджетке түшүп, бул аркылуу коррупциялык тобокелдиктердин алдын алууга шарт түзүлөт.

QR-код аркылуу төлөм жүргүзүү тартиби

-Унааны токтоткондон кийин телефонуңуздун камерасын алдыңыздагы QR-кодго багыттаңыз.

-QR-кодду скандагандан кийин GDTI.KG сайтына өтөсүз.

-Сайттагы тиешелүү бөлүмгө унааңыздын мамлекеттик номерин киргизиңиз.

-Сунушталган банк карталарынын бирин тандап, 25 сом төлөп, төлөмдү аяктаңыз.

Төлөмдү унааңызды токтоткондон кийин же унаа токтотмо жайдан чыгып бара жатканда жүргүзсөңүз болот.

Айып пулдар жана жеңилдиктер

-Эгер айдоочу унаасын токтоткондугу үчүн төлөм жүргүзбөсө, жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып пул каралган.

-Жекшемби күндөрү жана майрам күндөрү унаа токтотуу акысыз.

Учурда QR-код системасы төмөнкү көчөлөрдүн аралыктарында иштеп жатат:

-Орозбеков көчөсү (Токтогул көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейин);

-Турусбеков көчөсү (Москва көчөсүнөн Жибек жолу проспектисине чейин);

-Безымянная жана Тоголок Молдо көчөлөрү.

Жакынкы аралыкта накталай эмес төлөм толугу менен ишке киргизилип, борбордун дагы башка көчөлөрүнө этап-этабы менен жайылтылат.

Тектеш кабарлар

Back to top button