Коом

Васильевка айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, жерлерди мыйзамсыз сатууга шектелип кармалды

Чүй облусундагы Васильевка айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз бөлүштүрүү жана сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу 12-ноябрда Чүй облустук милициясы тарабынан билдирди.

Маалымат боюнча, 6-августта Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жерлерди өзүм билемдик менен басып алууну жана мыйзамсыз курулушту алдын алуу максатында атайын комиссия түзүлгөн. Васильевка айылыда (№578, 569, 580 контурлар) текшерүү жүргүзүлгөн. Анын алкагында айыл чарба багытындагы жерлердемыйзамсыз курулуш жүргүзүлүп жаткандыгы аныкталган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренеси (Башка бирөөнүн жер тилкесин өзүм билемдик менен басып алуу жана айыл чарба багытындагы жерлерде максаттуу багытын бузуу менен өзүм билемдик менен курулуш жүргүзүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Буга чейин тергөө иштеринин алкагында жергиликтүү кеңештин учурдагы жана мурдагы депутаттары, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү кармалган. 11-ноябрда Васильевка айыл аймагынын мурдагы башчысы 1967-жылы туулган К.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button