Коом
Кыргызстан өзү кой жана уй эти менен толук камсыздайт

Кыргызстан азыр кой жана уй эти боюнча ички муктаждыгын толук жапкан деңгээлге жетти. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Ал эми тоок эти импорттук квота аркылуу камсыздалат — 2025-жылы 58 миң тонна, 2026-жылы 48 миң тонна тоок эти алып келинери күтүлүүдө.
Эттин баасына мамлекеттик жөнгө салуу мөөнөтү 31-декабрга чейин узартылды. Бул чара эт базарындагы баанын кескин өсүшүнө жана алып-сатарлыкка жол бербөө, ошондой эле калктын аялуу катмарын колдоо максатында кабыл алынган.
Министрликтин өкүлү Уран Чекирбаевдин айтымында, азыр уй жана кой этинин орточо баасы 600–700 сомдун тегерегинде. Бааны туруктуу кармоо жана ички рынокто жетиштүү көлөмдө эт камсыздоо үчүн тирүү малдын экспорту убактылуу токтотулган.



