Саясат

Садыр Жапаров Таласта «Баластан» балдар борборунун курулушуна капсула салды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-ноябрда, Талас шаарындагы «Баластан» балдар оюн-зоок борборунун курулушуна капсула салды. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди.

Балдар борбору 6,5 гектар жерде жайгашып, 2026-жылы пайдаланууга берилет.

«Бул борбор, буюрса, жөн эле оюн-зоок жайы эмес, таалим-тарбиянын, өнүгүүнүн жана кубанычтын борбору болуп калат», деди президент.

Ал ошондой эле «Манас Ордо» комплекси реконструкцияланып, борбордук парк жана аллеялар жаңыланып, 5 500 орундуу стадион жана ипотекалык турак жайлар курулуп жатканын белгиледи.

«Талас шаарындагы өзгөрүүлөрдүн, жаңылануунун башаты катары «Баластан» оюн-зоок борборун куруу милдети турат. Муну аймактарды өнүктүрүү саясатынын айкын далили десем да болот», — деди президент.

Өлкө башчы тиешелүү мамлекеттик органдардын жана курулуш компанияларынын өкүлдөрүн сапатка жооп берген имарат тургузууга чакырды.

Тектеш кабарлар

Back to top button