Коом

Бишкекте №66 жаңы электробус каттамы ишке кирет

2025-жылдын 15-ноябрынан тартып борбор калаада №66 жаңы  электробус каттамы ишке кирет.

Мэриянын маалыматы боюнча, эми Көлмө конушунан 8-кичирайонго чейин ыңгайлуу, үнөмдүү жана экологиялык жактан таза электробустар каттай баштайт.

Маршруттун багыты: Көлмө конушу — Мидин көчөсү — М.Ганди көчөсү — Жаш Гвардия бульвары — Чүй проспектиси — Бейшеналиева көчөсү —  Киев көчөсү — Байтик Баатыр проспектиси — Токомбаев проспектиси  ал эми акыркы аялдама 8-кичирайон.

Электробустар заманбап жабдуулар менен камсыздалып, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу отургучтар, кондиционер жана USB кубаттагычтар менен жабдылган.

Урматтуу шаар тургундары, коомдук транспортту таза жана кубаттагычтарды абайлап колдонууга чакырабыз.

Тектеш кабарлар

Back to top button