Коом

УКМК төрагасы түрк мамлекеттеринин атайын кызматтарынын Конференциясынын 27-пленардык жыйынына катышты

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы К.К. Ташиев 2025-жылдын 14-ноябрында Ханкенди шаарында өткөн түрк мамлекеттеринин атайын кызматтарынын Конференциясынын 27-пленардык жыйынына катышты.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар стратегиялык транспорттук коридорлорду коргоо, терроризмге каршы күрөшүү, контрабандага бөгөт коюу, киберкоркунучтар жана түрк мамлекеттеринин аймагы аркылуу өтүүчү эл аралык соода-логистикалык линиялардын коопсуздугуна таасир эте турган башка чакырыктар боюнча тажрыйба жана пикир алышышты.

Өз сөзүндө Камчыбек Ташиев эл аралык транспорттук багыттардын коопсуздугун камсыз кылуу түрк мамлекеттеринин атайын кызматтарынын тыгыз координациясын жана ыкчам өз ара аракеттенүүсүн талап кыларын белгиледи. Ал коопсуздук чаралары адамдардын, автотранспорт каражаттарынын, товарлар менен жүктөрдүн эркин жүрүп-туруусуна тоскоол болбошу керек экенин баса белгиледи.

Жыйынтыктоочу бөлүгүндө тараптар улуттук жана региондук коопсуздук жаатындагы кызматташууну мындан ары да тереңдетүүгө даяр экенин тастыктап, транспорт-логистикалык инфраструктураны коргоого багытталган практикалык чараларды ишке ашыруу боюнча макулдашышты.


Тектеш кабарлар

Back to top button