ЖАН ДҮЙНӨ, ТАГДЫР

Менин жашоо-турмушумдун татаал  күндөрү

Турмушка чыкканыма беш жылдын жүзү болуп калда, сүйлөшүп жүрүп эле турмушка чыктым. Эки кызым бар.

Турмуш кургандай кийин эки ай өткөндө эле кол көтөрө баштады, анан кайра кечирим сурап койчу. Анда 19 жаштагы жаш кыз болчум.Турмуш ушундай болот десе чыдап жүрө берипмин.

Жыл айланбай 4 айдан кийин боюмда болду, сүйүнүп жүргөнбүз квартирада өзүнчө жашачубуз.

Бир күнү ичип келди өзүнөн өзү эле чыр чыгарып урушуп кеттип, ичке бир тепти, ошодон улам ичимдеги бала бир айындан кийин боюмдан түшүп калды. Кан кетип, өзүмдүн атам менен апам больницага алып келишти. Ошондо да атам менен апама жашырып билбейм өзү кан кеттип түшүп калды дегем.

Ошентип арадан эки ай өткөндө кайра боюмда болду аябай катуу токсикоз болдум, башымды көтөрө албай кусуп эле жатчуумун. Эгер сүйлөсө жооп бербей койсом чачыман жулуп урчу.

Өзү акча таппайт,  анан кызым кыйналбасын деп ата-энем, бир туугандарым  берген акчасын квартирага төлөп үйгө продуктуларды алчумун.

Боюмда жети айлык болуп калганда суу кете баштады неге экенин билбейм. Күйөм үйдө жок, достору менен көчөдө болчу. Бир туугандарыма айткым келген жок убара кылгым келбеди. Күйөмө чалсам албайт, анан жакын сырдашкан аяшыма чалып суу кеттип жатат эмне кылам деп сурадым.

Аяшын телефонду албай жатат десем, ал күйөсүнө чалып досуна айтчы телефонун алып койсун аялы кыйналып жатыптыр дептир. Ал келип алып эмнеге чаласын деп кайра мени урган. Азыркыга чейин ошонусу дагы деле жүрөгүмдө турат.

Ушул убака чейин уруп келет. Ата-энеме бир дагы жаман нерсесин айткан эмесмин, өтө кызганчаак аны менен эч жашагым келбей калды. Ата-энем болсо ажырашканымды каалабайт. Эмне кыларымды билбей башым катып калды. Ушул убакытка чейин чыдап келдим.

Кандай кеңеш бере аласыздар, эмне кылсам болот? Сиздердин оюңуздарды билгим келет.

Тектеш кабарлар

Back to top button