Спорт

Валентина Шевченко UFC титулун коргоп калды

Кыргызстандык Валентина Шевченко Нью-Йорк шаарындагы турнирде кытайлык атаандашы Вейли Чжанды жеңди.

Валентина Шевченко UFC титулун коргош үчүн Нью-Йорк шаарындагы турнирде кытайлык атаандашы Вейли Чжанды жеңди.

Мушташ UFC 322нин негизги беттешинде өттү. Беттеш беш раундга созулуп, Шевченконун чечүүчү упайлык жеңиши менен аяктады.

Нью-Йорктогу жеңиш 37 жаштагы кыргызстандыктын катары менен үчүнчү жеңиши болду. Ал ошондой эле бразилиялык Аманда Нунестин UFC титулу боюнча беттештердеги эң көп жеңиштер боюнча рекордуна теңелди: 11. Бул жеңиш менен Шевченко UFC аялдар арасындагы жеңил салмактагы титулун сактап калды.

Мушташтан кийин Шевченко бул жеңишти машыктыруучусу Павел Федотовго арнаганын айтты.

Тектеш кабарлар

Back to top button