Коом

Такси айдоочулары лицензия документтерин алуу үчүн 1-декабрга чейин тапшыруу зарыл

Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы жүргүнчү ташыган бардык айдоочуларды лицензия алуу үчүн керектүү документтерди өз убагында даярдоого чакырды. Маалыматка ылайык, документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү — 1-декабрь.

Лицензия алуу үчүн керектүү документтер:

— Унааны каттоо тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү жана ишеним кат (эгер болсо);

— Техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу акт;

— Жүргүнчүлөрдү камсыздандыруу келишиминин көчүрмөсү;

— Айдоочуларды медициналык жана техникалык кароодон өткөрүүчү уюм менен түзүлгөн келишим;

— Айдоочулук күбөлүктүн көчүрмөсү (3 жылдан кем эмес стаж талап кылынат);

— Белгиленген формадагы медициналык маалымкат;

— Соттуулук жоктугу тууралуу маалымкат.

Мекеме билдиргендей, оор же анча оор эмес кылмыштар боюнча соттолгон жарандарга лицензия берилбейт.

Тектеш кабарлар

Back to top button