Эсептөө палатасы Финансы министрлигиндеги мамлекеттик сатып алуулардын аудитин жүргүздү

Бул тууралуу Эсептөө палатасынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигиндеги мамлекеттик сатып алуулардын электрондук веб-порталынын ишине натыйжалуулук жана пилоттук маалыматтык технологиялар аудитин жүргүздү.

Аудиттин жыйынтыгында порталдын ишинде координациянын, көзөмөлдүн жана маалыматтык коопсуздуктун жетишсиздигинен улам бир катар кемчиликтер бар экени аныкталды. Ошондой эле бир булактан сатып алынган товарлардын мурунку жылдардагы шаблондук документтердин негизинде түзүлгөнү аныкталган. Мындай ыкма атаандаштыкты жана сапат стандарттарын төмөндөтүп келет.

Аудит Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти, анын алдындагы “Сатып алуулар борбору” мамлекеттик мекемеси жана “Инфосистемс” мамлекеттик ишканасынын ортосундагы өз ара аракеттенүү тартиби жетиштүү деңгээлде жолго коюлбаганын көрсөттү. Маалыматтык технологиялар тармагындагы адистердин тартыштыгы да кызмат көрсөтүүнүн сапатына терс таасирин тийгизүүдө.

Маалыматтык коопсуздук боюнча кемчиликтерди байкоого болот. Колдонуучулардын укуктарын башкаруу жетишсиз, айрым кызматкерлерге негизсиз кеңири мүмкүнчүлүктөр берилген. Тармактар жана серверлер жетиштүү корголбогон. Порталдын үзгүлтүксүз ишин камсыздоо жана кырсыктан калыбына келтирүү боюнча план системалуу түрдө тестирленбейт.
Мындан тышкары, “Сатып алуулар борбору” мамлекеттик мекемеси бир булактан сатып алуу ыкмасын колдонууда бааларга мониторинг жүргүзүү талабын аткарбаганы аныкталган. Натыйжада айрым келишимдер атаандаштыксыз түзүлгөн.

Эсептөө палатасы жагдайды жакшыртуу үчүн бир катар сунуштарды берди. Атап айтканда, Финансы министрлиги алдында мамлекеттик сатып алуулар жана маалыматтык технологиялар багытындагы ишти координациялоочу туруктуу кеңеш түзүү, порталдын ишин башка мамлекеттик системалар менен интеграциялоо жана сатып алууларды бардык баскычтарда электрондук форматта толук көзөмөлгө алуу сунушталды. Ошондой эле сатып алуучу уюмдар менен “Сатып алуулар борборунун” ортосунда жоопкерчиликтерди жана мөөнөттөрдү так чагылдырган өз ара аракеттенүү тартибин бекитүү, IT-адистердин санын көбөйтүү жана киберкоопсуздук боюнча окутууларды уюштуруу зарылдыгы белгиленди.

Бүгүнкү күндүн талабын эске алуу менен, жогоруда көрсөтүлгөндөр боюнча маалыматтык технологияларды башкарууну күчөтүү, коопсуздукту жана интеграцияны жакшыртуу мамлекеттик сатып алуулар системасынын ишенимдүүлүгүн жана ачыктыгын арттыруу жөнүндө сунуштамалар Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан берилгендигин билдирет.



