ИИМ: Айдоочуларга кошумча LED-фара орнотууга тыюу салды

Ички иштер баркармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы мыйзамсыз кошумча фараларды орнотууга жол бербөө керектигин эскертип, профилактикалык иш-чара өткөрдү.
ИИМ ЖКККББнын басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулунун айтымында, Бишкек— Ош трассасы менен жүргөн айдоочулардан LED-фараларды орнотуп алган жарандарга карата чара көрүү өтүнүчү менен ведомствого бир нече жолу арыздар келип түшкөн.
Айдоочулар белгилегендей, мындай жарык берүү көзгө чагылышып, авариялык кырдаалдарды жаратат. Буга байланыштуу ЖКККББ инспекторлору рейд учурунда айдоочуларды КР Укук бузуулар кодексинин 194-беренесинин (Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусуз кайра жабдылган транспорт каражатын башкаруу) тартиптерин бузбоого чакырды. «2000 сомго сатып алып, лампочкаларды алмаштырасыңар. Люстраларды жана LEDфараларды коюуга болбой турганын билесиңер да. Мурда колдонгону үчүн жазалоого мүмкүн болсо, азыр орноткону үчүн жазалоо мүмкүн. Иштейби, иштебейби, орноттуңбу, унаа айып короосуна токтотулат», — деп белгиледи ЖКККББ инспектору сүйлөшүү учурунда.



