Президент: Өзбекстанга ар дайым өзгөчө жылуу сезим менен келебиз

Өзбекстанга ар дайым өзгөчө жылуу сезим менен келебиз, — деди Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ташкентте өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын жыйынында сүйлөгөн сөзүндө.
Президент Жапаров Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёевге салттуу меймандостугу жана жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, Самарканда ЮНЕСКОнун Башкы ассамблеясынын 43-сессиясынын ийгиликтүү өткөрүлүшү менен да куттуктады.
«Эң оболу, Өзбекстандын президенти урматтуу Шавкат
Миромонович Мирзиёевге салттуу жылуу кабыл алуу жана меймандостук үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем», -деди Жапаров.
Мамлекет башчысы аймактагы экономикалык жана инвестициялык кызматташууну кеңейтүү бардык өлкөлөр үчүн башкы милдет экенин баса белгиледи. Анын айтымында, өткөн жылы Борбор
Азия өлкөлөрүнөн Кыргызстанга тартылган түз чет элдик инвестициялар 15% өсүп, 135 млн долларды түздү. Акыркы үч жылда Кыргызстан менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн өз ара товар жүгүртүүсү 28% көбөйгөн.
«Быйыл январь–август айларында Кыргызстан менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн товар жүгүртүүсү 1 млрд 700 млн долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14% өстү», — деди Жапаров.
Ал сүйлөгөн сөзүндө аймакта жаңы транспорттук артерия калыптанып жатканын да белгиледи. «Стратегиялык маанидеги Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу өлкөлөрүбүздү жөн гана туташтырбастан, логистикалык картага олуттуу өзгөрүү киргизип, Азия жана Европанын ири базарларына эң кыска жол ачат», — деп баса белгиледи президент.
Кыргыз лидери Зангезур коридорунун курулушу да «Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолунун логикалык жана стратегиялык уландысы экенин кошумчалады.



