ТИМ: Чет өлкөдөгү жарандар добуш берүү үчүн өз маалыматтарын текшерүү зарыл

КР Жогорку Кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалгандыгына байланыштуу Тышкы иштер министрлиги кайрадан Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө туруктуу же убактылуу жашап жаткан жарандарына кайрылат.
ТИМден белгилешкендей, чет өлкөдө жүргөн Кыргызстандын жарандары консулдук каттоодо турганына карабастан, каалаган чет өлкөдөгү шайлоо участогунда добуш бере алышат. Добуш берүүгө Кыргызстандын аймагында жашаган жери боюнча катталган, биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана 18 жашка толгон Кыргызстандын жарандары катыша алат.
Ушуга байланыштуу, чет өлкөдө жүргөн жарандарды 2025-жылдын 19-ноябрына чейин “Тизме” порталы аркылуу шайлоочулардын тизмесиндеги жеке маалыматын алдын ала текшерүүнү суранабыз.
Эгерде маалыматтарда ката табылган учурда, шайлоочу белгиленген тартипте авторизациядан өткөндөн кийин «Шайлоочунун кабинети» аркылуу электрондук арыз бере алат.
Министрлик чет өлкөдө жүргөн бардык жарандарды шайлоочулардын тизмесинен өздөрүн текшерип, зарыл болгон учурда өз убагында оңдоолорду киргизүүгө дагы бир ирет чакырат. Бул талап жарандардын добуш берүү укугун тоскоолдуксуз ишке ашырууга көмөк көрсөтөт.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө 34 мамлекеттин 89 шаарында 100 шайлоо участкасы түзүлгөн.
Анын ичинде:
-Россияда – 40, Түркияда – 8, Казакстанда – 7, АКШда – 6, Кореяда – 4, Италияда – 3 участок;
-Германия, Кытай, БАЭ, Сауд Арабиясында – 2ден участок;
-Төмөнкү шаарларда – 1ден шайлоо участкасы: Каир, Ашхабад, Баку, Брюссель, Будапешт, Вена, Доха, Душанбе, Женева, Исламабад, Куала-Лумпур, Лондон, Минск, Нью-Дели, Париж, Ташкент, Тегеран, Токио, Эль-Кувейт, Улан-Батор, София, Варшава, Прага жана Братислава.
Шайлоо участкаларынын толук даректери шилтеме боюнча жеткиликтүү.



