Коом
18-ноябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет маалыматына ылайык, эртең өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт, күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
— Чүйдө түнкүсүн -1…+4°, күндүз +16…+21°
— Таласта түнкүсүн +2…+4°, күндүз +16…+18°
— Ош, Баткен, Жалал-Абадда* түнкүсүн +4…+6°, күндүз +18…+20°
— Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…+2°, күндүз +8…+10°
— Нарында түнкүсүн -3…-5°, күндүз +5…+7°
Бишкек шаарында түнкүсүн +2…+4°, күндүз +16…+18° болушу күтүлөт.



