Дүйнө
Сауд Арабияда кырсыкка кабылган автобус өрттөнүп, кырктан ашык зыяратчы каза тапты

Сауд Арабиясынын Медина шаарына жакын жерде Индиядан келген ажычыларды ташыган автобус дизелдик цистерна менен кагышып, андан кийин күйүп кетти. Бул кырсыктан кеминде 45 адам каза болгонунун ndtv.com маалымат агенттиги бидирди.
ndtv.com сайтынын маалыматы боюнча, жергиликтүү ЖМКлардын маалыматтарына караганда, курмандыктардын арасында 11 аял жана 10 бала болгон. Бир гана жүргүнчү аман калганы айтылууда. Учурда жагдайлар такталып жатканы кошумчаланды.



