Дүйнө
Орусия президенти Владимир Путин мигранттарды жумуштан алуу эрежелерин өзгөрттү

Владимир Путин мигранттарды жумуштан бошотууга негиз боло турган аракеттердин тизмесин кеңейтти. Эми жумуш берүүчүлөр, эгерде аймакта мигранттартын саны алар үчүн жумуш орундарына белгиленген лимиттен ашып кетсе, эмгек келишимин токтото алышат.
Өзгөртүүлөр РФнын Эмгек кодексинин 327.6-беренесине киргизилди. Мыйзам 2026- жылдын 1-мартынан тарта күчүнө кирет. 2014-жылдан бери аймактар мигранттардын санына лимиттерди өздөрү белгилешет. Эгерде компания лимиттен ашып кеткенде мигранттардын санын кыскартпаса, анда ага 1 млн рублга чейин айып салынат же ишмердүүлүгү 2 жумага чейин токтотулат.



