Спорт

Ислам шериктештик оюндары. Балбан Акжол Махмудов алтын утту

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Сауд Арабия Падышалыгынын борбору Эр-Рияд шаарында өтүп жаткан VI Ислам шериктештиги оюндарынын жеңүүчүсү болду.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал 77 кг салмак категориясында күч сынашып, финалда Ирандын балбаны Амир Абдини 6:1 эсебинде жеңип, алтын медалга ээ болду.

Эске салсак, Акжол Махмудов 2021-жылы өткөн Ислам шериктештиги оюндарынын да жеңүүчүсү болгон.

Тектеш кабарлар

Back to top button