Спорт
Ислам шериктештиги оюндарынан балбан кыз Айпери Медет кызы алтын утту

Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы VI Ислам шериктештиги оюндарынын эки жолку жеңүүчүсү болду.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, 76 кг салмак категориясында күрөшкөн кыргызстандык балбан алгачкы беттештеринде казакстандык Элмира Сыздыкованы 10:0, түрк балбаны Элмира Ясминди 5:0 эсеби менен жеңди.
Ал эми финалдык чечүүчү беттеште нигериялык Дамола Ожону 11:1 эсеби менен утуп, VI Ислам шериктештиги оюндарында алтын медаль тагынды.
Белгилей кетсек, аталган оюндар ушул күндөрү Сауд Аравия Падышачылыгынын борбору Эр-Рияд шаарында өтүп жатат.



