Маданият

Кыргызстандык окуучулар Эл аралдык олимпиадада жеңишке жетишти

2025-жылдын 15–22-ноябрь күндөрү Германиянын борбор шаары Берлиндеги Ломоносов атындагы эл аралык мектептин базасында окуучулар арасында өткөрүлгөн престиждүү Эл аралык олимпиада болуп өттү.

“Ломоносов күндөрү” олимпиадасына Армения, Монголия, Латвия, Өзбекстан, Казакстан, Индия, Германия жана Кыргызстан мамлекеттеринен келген жүздөн ашуун мыкты окуучулар катышып, интеллектуалдык таймаш масштабдуу өткөрүлдү.

Кыргызстандын намысын коргоп, борбор калаабыздагы “Креатив-Таалим” Билим берүү комплексинин окуучулары англис жана немис тилдүү окуучулардын арасынан күчтүү атаандаштыкка карабастан, жеңиш менен кайтышты.

Сынактын алгачкы күнү физика, математика, тарых, химия, биология, география предметтери боюнча билимдерин сыноо максатында уюштурулган интеллектуалдык командалык таймашта биздин команда 1-орунду жеңишти. Бул олимпиаданын өзгөчөлүгү анын көп тармакты камтыганында болду.

Сынактын экинчи күнү предметтер боюнча Жеңишов Бексултан орус тили сабагынан мыкты жыйынтык көрсөтүп,  1-орунду ээледи. Дагы бир окуучубуз Чолпонбаев Актан англис тилинде терең билимин далилдеп, 2-орунга арзыды.

Окуучулар:

— мультипредметтик билим сынагына,

— интеллектуалдык командалык таймаштарга,

— илимий изилдөө долбоорлорду жактоого,

— чыгармачыл номер көрсөтүүгө катышып, ар бир этапта өздөрүнүн билимге, логикага, чыгармачылыкка жана биримдикке негизделген күчүн далилдешти.

Эң кубанычтуусу  биздин окуучулар бардык багыттар боюнча жогорку упай топтоп, командалык эсепте 1-орунду ээлешти!

Берлинде желбиреген кыргыз желеги биздин келечек муундун күчү менен дүйнөлүк билим аренасында татыктуу орунга ээ боло аларынын айкын далили!

Олимпиаданын жыйынтыгы менен уюштуруучулар тарабынан биздин окуучулар жана жетекчи тууралуу айтылган жылуу пикирлери, каалоо-тилектери бизди өзгөчө кубантты.

Маселен, Берлин шаарындагы М.Ломоносов атындагы Эл аралык мектептин директору Марина Бурд: “Прекрасные ребята и очень ангажированный педагог, заслуженный успех в номинациях”-деп, суктануу менен баса белгилеп кетти.

Мындан тышкары, окуучуларга Германиянын маданиятын, тарыхын таанытуу максатында бир катар шаарларга экскурсиялар уюштурулуп, тарыхый маанилүү жерлерге, музейлерге барышты.

Олимпиаданы өткөрүүнүн максаттарынын бири эл аралык достукту чыңдоо, мамилелерди бекемдөө болду.

Бул жеңиш мугалимдердин үзүрлүү эмгегинин, окуучулардын тынымсыз аракети менен жигердүү даярдыгынын, ата-энелердин колдоосунун натыйжасы.

Тектеш кабарлар

Back to top button