101 жаштагы карыя узак жашоонун сырын атады

Испаниянын Гипускоа провинциясында жашаган 101 жаштагы Иньякси Ласа спорт жана туура тамактануу анын узак өмүр сүрүүсүнө негизги таасир берген факторлор экенин билдирди. Бул тууралуу What’s the Jam басылмасы жазды.
Ласа оор атлетика менен жөн гана кызыкчылык үчүн эмес, кокусунан алектене баштаган. 94 жашында аны баккан аял жаракат алып, спортзалдын абонементин ага белек кылып берген. Ушундан кийин карыя спортко олуттуу кайрылган.
«Мен мурда да кыймылсыз отурган эмесмин. Велотренажердо машыгып, көп басчумун. Бирок спортзалга баруу — жашоомдогу эң мыкты чечим болду», — деп эстейт Ласа.
Башында ага эки инструктор көмөк көрсөтүп турган. Убакыттын өтүшү менен ал көнүгүүлөрдү өз алдынча жасап, штанга көтөрүп, ар кандай тренажёрлордо иштөөнү өздөштүргөн.
Ласанын айтымында, күн сайын эки сааттан жасалган күч машыгуулары жана активдүү турмуш образы анын узак жашоосунун негизги сыры. Ошондой эле ал айыл жеринде жашагандыктан айылда өскөн жашылчалар менен азыктанып, зайтун майын көп колдоноорун белгилейт.
Ласанын машыгууларына анын 63 жаштагы уулу көмөк көрсөтөт — ал апасына социалдык тармакта аккаунт ачып берген. Көп өтпөй Иньякси Ласа интернет жылдызына айланып, бүгүн анын катталуучуларынын саны 100 миңден ашты. Ласа аларга күнүмдүк жашоосу, машыгуулары жана ден соолукту чыңдоого болгон көз карашы тууралуу тынымсыз айтып турат.
Жаштарга кеңеш сурашканда, Ласа кыска, бирок терең маанилүү жооп берди:
«Эң башкысы — максат болууга тийиш. Ал канчалык кичине көрүнбөсүн, адамга таң атканда тура калып, бир нерсе жасоого түрткү бере турган мотивация керек», — деди ал.



