Кыргызстандык кикбоксчулар Абу-Дабиде өткөн дүйнө чемпионатынан байгелүү келишти

Кыргызстандык кикбоксчулар Бириккен Араб Эмирлигинин Абу-Даби шаарында өткөн дүйнө чемпионатынан байгелүү кайтып келишти. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, спортчулар эки алтын жана бир коло медаль жеңди.
Атап айтканда, 60 кг салмак категориясында Ахрор Розбаев жана 51 кг салмак категориясында Ходжиакбар Камбаров чоңдор арасында дүйнө чемпиону болсо, Нурбек Валижонов коло медалды жеңди.
Мындан тышкары, ардагерлер арасында Тахир Марасулов дүйнө чемпиону наамына ээ болду.
21-30-ноябрь күндөрү өткөн ири спорттук иш-чарага 150 өлкөдөн 2 000 спортчу катышты. Чемпионат Бириккен Араб Эмирлигинин Муай-тай жана Кикбоксинг федерациясы тарабынан Дүйнөлүк кикбоксинг уюмдары ассоциациясы менен биргеликте уюштурулду.



