Садыр Жапаров: Ар бир округда үч орундун бири аялзатына бөлүндү

Ар бир округда үч орундун бири аялзатына бөлүндү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-декабрда «Ынтымак Ордодо» Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого көз салган эл аралык байкоочулар миссияларынын жетекчилери жана бир катар мамлекеттердин Борбордук шайлоо комиссияларынын төрагалары менен жолукканда билдирди.
“Дагы бир маанилүү жагдай – гендердик квотанын киргизилиши болду. Ар бир округда үч орундун бири аялзатына бөлүндү. Мындай ыкмалар бүткүл коомдун кызыкчылыктарын чагылдырган туруктуу жана адилетүү башкаруу системасын курууга мүмкүндүк берди”, — деди өлкө башчысы.
Ошондой эле мамлекет башчысы белгилегендей, шайлоо толугу менен мажоритардык система боюнча өттү.
“Бул система мандаттар кулуардык негизде бөлүштүрүлүп келген же мандаттарды сатып жүргөн партиялардын коррупциялык элементтерин жок кылды жана эл тараптан талапкердин жеке сапаттарына басым жасалды. Айымдар, жаштар, ар кайсы аймактардын жана социалдык топтордун өкүлдөрү өз үнүн угузууга, өлкөнүн саясий турмушуна жигердүү катышууга жана мамлекеттик бийлик органдарында татыктуу орун ээлөөгө мүмкүнчүлүк алышты”, — деди президент.



