Диетолог адам организми үчүн эң кооптуу кофе түрүн атады

Диетолог Антон Поляков адам организми үчүн эң кооптуу деп эсептелген кофе түрүн атады. Бул тууралуу адис aif.ru менен болгон маегинде билдирди.
Анын айтуусунда, эң пайдалуу суусундук — кошулмасыз, жаңы тартылган кофе. Ал эми эриген кофе тескерисинче, организмге зыян алып келиши мүмкүндүгүн белгиледи. Себеби анын курамында көбүнчө ар кандай кошумча заттар жана жасалма компоненттер болот.
«Эриген, сублимацияланган кофеден оолак болгон жакшы», — деп кеңеш берди адис.
Мындан тышкары Поляков күчтүү кофе — эспрессо, ристретто сыяктуу түрлөр — ар бир адамга ылайык келе бербей турганын эскертти. Айрыкча жүрөк-кан тамыр оорулары бар адамдарга мындай суусундуктар таптакыр сунушталбайт.
«Мындай учурда американо сыяктуу суюлтулган вариантка өтсө болот», — дейт диетолог.



